09:48, 18 апреля 2024, 24.kg

«Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт

2024-2025-окуу жылына карата «Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Мекеме билдиргендей, тандоого 6-класстардын окуучулары катышып, калктын аялуу катмарынын жана жетим балдардын арасында сынактык тандоо жүргүзүлөт.

20-апрелден 30-апрелге чейин каттоо болот, 4-6-майында алдын ала онлайн тестирлөө, 10-майында биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2 эки миң талапкерлер үчүн онлайн тестирлөө өткөрүлөт. 14-майдан 20-майга чейин экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 талапкерлер үчүн оффлайн тестирлөө уюштурулат.

Министрлик «Акылман» лицейин каржылоо толугу менен президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлөрүн жана түздөн-түз өлкө башчысына баш иерин белгиледи.

«Акылман» президенттик лицейи 2023-жылы жайында түзүлгөн. Негизги максаты — окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү. Өзгөчө таланттуу балдарды колдоо жана аларга дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Лицей 6-класстан кийин кабыл алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18