24.kg
14:35, 17 апреля 2024, 24.kg

ӨКМ: Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 17-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары — Төө-Ашуу ашуусу;
  • 222-250-чакырымдары — Чычкан капчыгайы — Ала-Бел ашуусу;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдары — Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдары — Сөөк ашуусу.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ айдоочуларга алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алууну сунуштайт. Ал эми унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18