24.kg
10:57, 17 апреля 2024, 24.kg

Майлуу-Суу лампа заводу айнек идиштерди чыгарууну пландоодо

Майлуу-Суу лампа заводу өндүрүштү жаңы продукцияны чыгарууга кайра багыттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Маалыматка караганда, завод айнек идиш өндүрүшүн өздөштүрүүнү, светодиоддук лампа өндүрүшүн кеңейтүүнү, Майлуу-Суу суусуна кубаттуулугу 26,4 мегаватт болгон чакан ГЭС курууну, кичи тигүү цехтерин ачууну, дубалды, полду жылуулоо үчүн минералдык айнек жүн өндүрүшүн өздөштүрүүнү пландап жатат.

«Заводдун чоң пландарынын бири айнек бөтөлкөлөрдү жана банкаларды өндүрүүнү өздөштүрүү болуп саналат. Бул этапта жабдууларды орнотууга даярдык көрүлүп, кошумча имарат куруу боюнча иштер башталганы жатат. Мындан тышкары, айнек идиштерин жасоочу машина Хайе Интернационал (Германия) компаниясынан сатылып алынат. 50 жаңы жумуш орундары түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, биринчи даяр продукцияны 2024-жылдын ноябрында алуу пландаштырылууда.

Майлуу-Суу лампа заводу өз ишин 1966-жылы баштаган. Учурда электр лампаларынын 40 түрүн чыгарат. Жылдык финансылык жүгүртүүсүнүн суммасы 11 милилон долларды түзөт. Ишканада 1 миң 300дөн ашык кызматкер эмгектенет. Продукциялар Россия, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Грузияга экспорттолот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18