24.kg
09:09, 17 апреля 2024, 24.kg

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев күмүш алды

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль алды. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

67 килограммга чейинки салмак ченинде ал 1/8 финалдык баскычынан баштаган. Монголиялык, казакстандык жана кореялык спортчулар менен күч сынашып, жеңишке жеткен.

Финалда ал Ирандан келген балбан Эсмаели Лейвесиге 1:3 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болгон.

Ал эми кыргызстандык балбан Акжол Махмудов чемпионатта күмүш медаль алды. Эрлан Манатбеков (130 килограммга чейин) жана Улан Муратбек уулу (55 килограммга чейин) коло медаль тагынышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18