24.kg
15:46, 16 апреля 2024, 24.kg

Бишкектин мэри орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында орун басары Максатбек Сазыкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.

«Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында каралып жаткан маселелер бар. Бул иштер ал аким болуп турганда, менин орун басарым болгонго чейин жасалыптыр. Соттун чечимин гана күтүшүбүз керек», — деди ал.

Мэр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз ишин таза аткарышы керектигин кошумчалады.

Буга чейин УКМК шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектинин ээсин калкалаганы үчүн кармалганын билдирген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18