«Жалда» жана «Арча-Бешик» конушунда эки күнгө муздак суу өчүрүлөт
«Жал» кичи районунда жана «Арча-Бешик» жаңы конушунда эки күнгө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-18-апрелде магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт. Максаты — келечекте жашоочуларды жана ишканаларды натыйжалуу суу менен камсыздоо болуп саналат.
Өчүрүү 17-апрелге саат 8:00гө белгиленген.
Калктын ыңгайлуулугу үчүн эл көп чогулган жайларга убактылуу таза суу жеткирүү жана биодааратканаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууну өтүнөт.