24.kg
11:47, 16 апреля 2024, 24.kg

Кытай менен Кыргызстан биргеликте темир жол портун курууну пландоодо

Кытай менен Кыргызстан биргеликте темир жол портун курууну пландоодо. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев баштаган делегация Кыргызстандын аймагында ири темир жол портун курууну талкуулоо үчүн Сиань (КЭР) шаарына барды.

Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү, Россия жана Европа мамлекеттеринин ортосундагы жүк ташуу агымдарын координациялаган Сиань кургактык портунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстандын аймагында дагы ушул сыяктуу порт куруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Бул маселе Кыргызстан менен Кытайдын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө да көтөрүлгөн. Алардын пикиринде, порттун курулушу Кытай, Борбор Азия жана Европанын ортосундагы байланыштарды түзүүдө негизги чекит болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18