24.kg
16:18, 15 апреля 2024, 24.kg

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата парад болбойт

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата парад болбойт. Коргоо министрлиги пландалган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Жеңиш аянтында Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Салтанаттуу иш-чарага саясий, аскердик-саясий жетекчиликтин, согуштун, эмгектин жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлеринин, Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык жана аскердик дипломатиялык корпусунун, коомчулуктун, жаштардын жана мектеп окуучуларынын, ошондой эле борбордун конокторунун катышуусу күтүлүүдө.

Митинг-реквием Бишкек гарнизонунун бөлүктөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктайт.

Ошондой эле «Өлбөс полк» эл аралык акциясын өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Куралдуу күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде ачык эшиктер күнү болот, ал эми республиканын мектептеринде Жеңиш күнүнө карата салттуу эрдик сабактары өткөрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18