24.kg
15:56, 15 апреля 2024, 24.kg

Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөтүүгө шек саналган мугалим асынып каза болду

Нарын шаарында жаш кыздарга кыздарга ыдык көрсөтүүгө шек саналган англис тили мугалими асынып каза болду. Маалыматты 24.kg агенттигине облустун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Instagram социалдык тармагындагы nasi_liunet баракчасында бир нече жыл мурун Т.А. аттуу адам Нарында билим берүү борборун негиздеп, чет тилин үйрөтө баштаганы тууралуу маалымат жарыяланган. Алгач ал үйүндө сабак өтүп, андан кийин профсоюздун имаратынан орун ижарага алган.

Борбор иштеп турган мезгилде Т.А. көптөрдү алдаганы, борбордо иштеген кызматкер кыздар эмоционалдык, психологиялык жана сексуалдык ыдыкка кабылганы жазылган.

Автор ошондой эле жабыркаган жашы жете элек кыздардын окуяларын жарыялап, аны колдоого жана мугалимди жоопко тартууга чакырган.

Милиция Т.А. үйүндө асынып алганын билдирди. Ал 60 жашта болчу.

Факт катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18