24.kg
09:18, 15 апреля 2024, 24.kg

Алматыда Викрам Рузахуновду кыйнаган деген шек менен төрт полициячы кармалды

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү.

Бул тууралуу музыкант Инстаграмдагы баракчасына жазды. Андагы маалыматка ылайык, прокуратуранын эки кызматкери Рузахуновдун кыйноого кабылганын иликтөө үчүн Астанадан Алматыга жиберилген.

«Ушул тапта төрт полиция кызматкери кармалып, камакка алынды (алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун моюнуна алган, экинчиси атайын блогер, журналисттерди жалдап, калпты жайылтууга аракет кылып жатат). Мени менен кошо бир жерде кыйноого кабылган адамдардын саны 22ге жетти. Мен мурдагыдай жалгыз эмесмин, биз эми көппүз», — деп жазды Рузахунов.

Кыргызстандык музыкант Казакстандын Башкы прокуратурасы ишти аягына чыгарууга ишендиргенин белгилеген.

Анын жазганына караганда, Казакстандын Жогорку Соту Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана беделин коргоо боюнча ИИМге каршы доо-арызын карай элек. Буга чейинки инстанциялар арызды канааттандырган эмес. Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан.

2022-жылы Казакстанда январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Ал коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана бошотулуп, Бишкекке жеткирилген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18