24.kg
15:13, 12 апреля 2024, 24.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота берилди

Тышкы иштер министрлигинде полиция кызматкерлеринин Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековго карата жасаган мамилесине байланыштуу Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьев менен жолугушуу болуп өттү.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин элчиликтин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата «Дипломатиялык мамилелер жөнүндө» 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс экени белгиленип, дыкат териштирүү жүргүзүлүп, күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартуу талап кылынды. Андрей Бурьев бул факты боюнча өкүнүчүн билдирүү менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабынын нотасын алгандыгын тастыктап, анын негизинде учурда тиешелүү текшерүү жүрүп, жыйынтыгы боюнча кыргыз тарабы маалымданаарын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Манас Жолдошбеков менен байланышып, окуянын чоо-жайын билгенин X (Тwitter) социалдык тармагында билдирди.

Photo 327116

Эске салсак, 8-апрелде эки полиция кызматкери Кыргызстандын Россиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнө мыйзамсыз кирип, анын миграциялык каттоо боюнча документтерин талап кылышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18