24.kg
14:45, 12 апреля 2024, 24.kg

Сокулукта жер тилкелерин мыйзамыз саткан жарандар кармалды

Сокулук районундагы мунапыстагы жерлерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталган. Анын уюштуруучулары катары К.А.А. жана К.К.К. кармалды.

Photo 327113

«Алар потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан, тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18