24.kg
11:50, 11 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 8,8 пайызга өстү

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экономикасы 8,8 пайызга, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,8 пайызга өстү. Бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүү темпин тездетүү саясатынын натыйжалуулугунун көрсөтөт», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, бул 2023-жылдын биринчи кварталынын көрсөткүчүнө салыштырмалуу үч эсеге жогору.

«Бул жөн эле сандар эмес. Бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Биз туура жолдо баратабыз жана биздин милдет — траекторияны сактап калуу, алдыга жылуу, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү. Биздин максат — Кыргызстандын туруктуу келечегин түзүү, анда ар бир жаран өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — жыйынтыктады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18