24.kg
10:22, 11 апреля 2024, 24.kg

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери Сокулук районундагы «Строитель» багбанчылык коомунун жер тилкелерин мыйзамсыз кайра тариздөө иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Строитель» багбанчылык коомунун төрагасы аткаминерлер жана башка адамдар менен тил табышып, өзүнө жана жакын туугандарына жер тилкелерин каттап, жасалма чечимдерди чыгарган. Алар мыйзамсыз түрдө 3,439 миллион сом алышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголду. «Строитель» багбанчылык коомунун башчысы жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды.

Тергөө уланууда.

Мекеме кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына же нөөмөт бөлүмүнүн 0312607567, 0313453380 телефон номерлери аркылуу кайрылууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18