24.kg
15:39, 09 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жардам кербенин» Актөбө облусунун акиминин орун басары Галымжан Елеулов тосуп алып, кыргызстандык куткаруучуларга ыраазычылык катын тапшырды.

Гуманитардык жүк Казакстандын төрт облусуна — Жамбыл, Түркстан, Кызылорда жана Актөбө облустарына бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, «Жардам кербени» президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Калкка күрүч, кумшекер, тез даярдалуучу кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөк жана чатырлар таратылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18