24.kg
13:48, 09 апреля 2024, 24.kg

Алтын зер буюмдарын мыйзамыз алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Зер буюмдарын мыйзамыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери Стамбул — Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүнүн алкагында А.К. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашкан. Ал жалпы салмагы 373,10 граммды түзгөн 24 даана алтын зер буюмдарын (чынжыр, билерик) кийимдеринин астына бекитип алып өтүүгө аракет кылган. Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 905 миң 19 сомду түздү.

Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18