24.kg
13:18, 09 апреля 2024, 24.kg

Мектепке электрондук каттоонун биринчи күнүндө 13 миңдей бала катталды

Мектепке электрондук каттоонун биринчи күнүндө (8-апрель 18:00гө карата) республика боюнча биринчи класска 12 миң 994 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги санариптик трансформация бөлүмүнө шилтеме берип билдирди. 

Белгиленгендей, борбордо эки мектеп толуп калды. Алар француз тилин тереңдетип окуткан № 26 гимназия-комплекси жана № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18