24.kg
10:52, 08 апреля 2024, 24.kg

Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Ош облусунун жаңы казысын дайындады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун жаңы казысы Абибилла ажы Кадырбердиев болду. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Photo 326689

Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылы 19-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында төрөлгөн.

1996-жылы Совет айылдагы № 72 кесиптик-техникалык окуу жайында «көркөм жасалгалоочу» адистиги боюнча билим алган. 2003-2007-жылдары Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» медресесинде окуган. Ошондой эле Бишкектеги «Расул Акрам» ислам университетин бүтүргөн.

Көркөм өнөр жана черчение мугалими, «Азирети Усман» медресесинин директорунун орун басары болуп иштеген. Жаңы-Жер айылынын «Имам Аьзам» атындагы мечитинде имам, Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медресесинде башкы мударрис, Жаңы-Жер айылынын «Алхаади» мечитинде имам-хатиб, Баткен облусунун казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2014-жылдын 4-мартынан баштап Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылдын 27-июлунан 2024-жылдын 5-апрелине чейин муфтийдин орун басары кызматын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18