24.kg
10:19, 08 апреля 2024, 24.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди

Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-мартта «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга Азербайжандын беш жараны келген. Алар: 1971-жылы төрөлгөн А.В.С., 1984-жылы төрөлгөн Б.С.О., 1982-жылы төрөлгөн А.М.О, 1992-жылы төрөлгөн Б.Н.О., 1992-жылы төрөлгөн М.З.О. Аталган адамдар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстанда туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш — буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

Эскерте кетсек, Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Азербайжандын беш жараны кармалган. Алардын бир катар мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экени аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18