24.kg
17:03, 05 апреля 2024, 24.kg

Борбор Азия өлкөлөрү Азербайжан менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүшөт

Июль айында Казакстандын аймагында Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрү биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта аталган өлкөлөрдүн коргоо министрлери 4-апрелде Казакстандын Актау шаарында жолугуп, «Бирлестик-2024» аттуу аскердик машыгууларды уюштуруу маселесин талкуулап, биргелешкен планга кол коюшканы белгиленген.

Быйыл июль айында Казакстандагы «Оймаша» полигонунда жана Каспий деңизиндеги Токмак булуңунда өтө турган машыгууларда «Куралдуу жаңжалдардын аймагын аныктоо багытындагы тапшырмаларды аткаруу» боюнча аракеттер көрүлөт.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө министрлер аткарылышы керек болгон тапшырмаларга даярдык көрүү маселесин да талкуулаганы кабарланды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18