24.kg
15:46, 05 апреля 2024, 24.kg

Москвадагы теракт. Ислам Халиловго Кыргызстандын курамасынын футболкасы берилди

«Енисей» футболдук клубу «Крокус Сити Холлдогу» теракт учурунда адамдарды эвакуациялоого жардам берген Ислам Халиловго ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу клубдун социалдык тармактардагы баракчасында маалымдалды.

Клубдун коргоочусу, Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Валерий Кичин Ислам Халиловго чалып, команданын атынан колдоо сөздөрүн айтты. Ал Кыргызстандын курамасынын футболкасын жана «Енисей» клубунун шарфын берип жиберген.

«Мага көңүл буруп, убакыт бөлүп, Кыргызстандын курамасынын футболкасын бергениңизге абдан кубанычтамын. «Енисей», алга! Сиздерге баардык жакшылык каалайм!» -  деп жооп берди Ислам Халилов.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18