24.kg
13:11, 05 апреля 2024, 24.kg

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде жарык көрөт

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде жарык көрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулованын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар өз ара кызматташуу маселелерин, атап айтканда, кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселесин талкуулашты. Ырларды азербайжан тилине акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил которгон.

Актоты Райымкулова белгилегендей, бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18