24.kg
13:03, 05 апреля 2024, 24.kg

Өлкөдө спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 80ден ашык федерация бар

Кыргызстанда спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 80ден ашык федерация иш алып барат. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

Депутат Улан Бакасов алардын кайсынысы натыйжалуу иштеп жатканын сурады.

Айбек Абдымомунов жакшы натыйжа берип жаткан спорттун артыкчылыктуу түрлөрүн атады, алар: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана оор атлетика. 

Эл өкүлү спорттун улуттук түрлөрү кандай өнүгүп жатканына да кызыкты.

«Спорттун улуттук түрлөрү көп, бирок азыр көк бөрүгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекция бар», — деди министрдин орун басары.

Ал спорттун улуттук түрлөрүнө каражат календардык пландын алкагында бөлүнөрүн кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18