24.kg
15:40, 04 апреля 2024, 24.kg

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жаңы жолдор жана көпүрө курулат

Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуучу жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу узундугу 1,2 чакырым болгон көпүрө курулат.

Келечекте Куттубаев көчөсүнөн «Маариф» мектебине чейин жаңы көчө пайда болот, ал эми Молдобосанов көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин уланат.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Байтик Баатыр жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктире турган көчө курулат.

Photo 326442

«Бул чаралар борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордун түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүн бириктирген транспорттук коридорлор менен камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жолдор курулуш компанияларынын салымынын эсебинен курулуп, 240 миллион сомго жакын каражат каралган», — деп белгиледи мэрия.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18