24.kg
12:54, 04 апреля 2024, 24.kg

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин Казакстан Кыргызстанга жардам колун сунган.

«Алар суранган жок, бирок биз жардам беребиз. Ошондой эле учурдан пайдаланып, Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Казакстанга терең ыраазычылык билдиребиз. Президенттин кошуналар менен жүргүзгөн эң жакшы саясатынын натыйжасында биз жардам сурай электе эле алар бизге жардам колдорун сунушкан», — деди Акылбек Жапаров.

Ал мамлекет башчысынын тапшырмасы менен кербен даярдалып, өзгөчө кырдаалдар министри анын үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Казакстанга атамекендик азык-түлүктөр жөнөтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы 8-апрелде Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри келерин айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18