24.kg
12:09, 04 апреля 2024, 24.kg

Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 248 миллиард сомду түздү

2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясы 248 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өсүү темпи 8,2 пайызды түздү. 2021-жылга салыштырмалуу ИДПнын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү.

2021-жылдын январь — март айларында ИДП 118 миллиард сомду, 2022-жылы 146 миллиард сомду, 2023-жылы 184 миллиард сомду түздү.

«Өзүңүздөр билесиздер, коронавирус пандемиясы учурунда эң кыйын учурлар биринчи кварталга туура келчи. Аткени каражаттын жоктугунан иштер убактысында башталбай көрсөткүчтөр төмөн болуп турган», — деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18