24.kg
17:05, 03 апреля 2024, 24.kg

Elite House ишканасынын ээси Тимур Файзиев 4-майга чейин камакта болот

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 4-майга чейин камакта болот. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө тобунун жетекчиси камакка алуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы арызды канааттандырды.

Тимур Файзиевге карата кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2023-жылдын октябрь айында кармалган.

Буга чейин 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети болгон. Бирок ал борбордо эмес болгондуктан издөөгө алынган. Ишкерге Бишкектин аймагындагы жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш боюнча айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18