24.kg
16:42, 03 апреля 2024, 24.kg

Орусияда кыргыз жаранына «терроризмди ачык актоо» боюнча кылмыш иши козголду

Москвада «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын А.Ж.А. аттуу жаранына карата «терроризмди ачык актоо» боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу алгачкы маалымат Орусиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.

Министрлик Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөнүн белгиледи.

«Ушуга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекендешке зарыл болгон учурда элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөт. Жогорудагы маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18