24.kg
15:12, 03 апреля 2024, 24.kg

Шайлообек Атазов мандаты боюнча сотко кайрылды

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты боюнча сот отуруму өттү. Депутат Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган административдик соттун чечимине каршы сотко кайрылган.

Соттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, жараянда 5-апрелге чейин тыныгуу жарыяланды.

Эске салсак, 1-мартта Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февраль айында Свердлов округунан шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртузалиевди Жогорку Кеңештин депутаты катары таануу тууралуу чечим чыгарган.

2022-жылдын февралында Свердлов округу боюнча шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добушка ээ болгон. Бирок Жогорку сот административдик соттун жана БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Свердлов округунан Шайлообек Атазов депутат болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18