24.kg
14:44, 03 апреля 2024, 24.kg

2024-жылы Караколго келген туристтердин саны 20 пайызга өстү

2023-жылдын ноябрь айынан 2024-жылдын апрель айына чейин Ысык-Көл облусундагы «Каракол» лыжа базасында 200 миңдей адам эс алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеме туристтик милиция кышкы туристтик мезгилдин жыйынтыгын чыгарганын белгиледи.

Статистикалык маалыматтар боюнча, кыш мезгилинде Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны мурунку туристтик сезонго салыштырмалуу болжол менен 20 пайызга өскөн.

«Кышкы туристтик мезгилде эс алуучулардын уюлдук телефондору жоголгон эки гана учуру катталып, алар ийгиликтүү табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүү максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында call-борбор уюштурулуп, коопсуз жана жайлуу эс алуу боюнча ыкчам маалыматтар берилип келди. Жалпысынан облустук милициянын call-борборуна эс алуучулардан 54 чалуу түшкөн. Көбүнчө кайрылгандарды мейманкананын жайгашкан жери жана эс алуучу жайлардын маршруттары кызыктырды», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18