24.kg
13:01, 02 апреля 2024, 24.kg

Аксы районунда мектеп окуучулары мушташып, 18 жаштагы бала каза болду

Аксы районунда 9-11-класстын окуучулары чач тарачтагы кезек үчүн мушташып кетишкен. Маалыматты 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кош-Дөбө айылынын 18 жаштагы тургуну бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Мушташ учурунда жогорку класстын окуучусу өзүнөн кичүү баланы урган. Ал 11-класстын окуучусун башына жана бутуна бычак менен сайып жиберген. Алган жараатынан улам 18 жаштагы окуучу ооруканада көз жумду», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18