24.kg
11:50, 02 апреля 2024, 24.kg

Ташиев: коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашты

Коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке жыйырма миллиард сом түштү деген маалымат бир аз эскирээк. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Жетинчи каналга» берген маегинде билдирди.

«Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар жана башка түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт», — деди Камчыбек Ташиев.

Буга чейин Финансы министрлиги коррупцияга каршы күрөштөн 20 миллиард 445 миллион сом түшкөнүн маалымдаган.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекетке келтирилген зыянды милдеттүү жана ыктыярдуу түрдɵ кайтаруу укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине жана ыйгарым укуктуу мамлетекттик орган катары Финансы министрилигинин депозиттик эсептерине которулуп, эсепке алынат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18