24.kg
10:06, 02 апреля 2024, 24.kg

26-апрелден тарта «Урал аба жолдору» Самара — Бишкек каттамын аткара баштайт

Орусиянын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Самара — Бишкек каттамын ишке киргизди. Билеттер авиакомпаниянын брондоо системасында пайда болду.

Учактар 26-апрелден тарта каттамга чыга баштайт. Учуу жума сайын жума күндөрү аткарылат. Самарадан учактар жергиликтүү убакыт боюнча 4.10до учуп, 9.15те Бишкекке конот. Учуу убактысы үч саат беш мүнөттү түзөт.

Бишкек — Самара багыты боюнча учактар саат 10.30да учуп, 11.50дө «Курумочеге» конот. Жолго 3 саат 20 мүнөт кетет. Ошол эле учурда Кыргызстанга учканга караганда Самарага учуу кымбатыраак болот.

Каттамдарды Airbus A320 учактары аткарат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18