24.kg
16:11, 01 апреля 2024, 24.kg

Москвадагы кол салуу. 70ке жакын кыргызстандык Орусияга киргизилген жок

Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы кол салуудан кийин 69 кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Ал белгилегендей, 23-марттан баштап Москвадагы аэропорттордон айрым кыргызстандыктар мекенине кайтып келген.

«Айрым жарандар кара тизмеде бар болчу. Россияга мурун барбаган жарандар деле бар экен, бирок бул жерде баса белгилеп кетиш керек, Россиянын күч органдарынын чет өлкөнүн жараны кооптуу көрүнсө же телефонунда кооптуу маалыматтар болсо, аны киргизбегенге укугу бар», — деди Алмаз Имангазиев.

Министрдин орун басары жол чыгымдарын кыргызстандыктар өздөрү жапканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18