24.kg
14:18, 01 апреля 2024, 24.kg

КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы комиссияда Кыргызстандын өкүлү алмашты

Улукбек Кармышаков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Улукбек Кармышаков бул кызматта 2020-жылдын февраль айынан бери иштеген Айгүл Рыскулованын ордуна келди.

Ал Стандартташтыруу жана метрология борборунун башчысы болгон. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Кеңеши — КМШнын алкагында кабыл алынган макулдашуулардын, шериктештиктин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчыларынын кеңешинин эркин соода зонасын түзүү жана ишке ашыруу, социалдык-экономикалык кызматташтыктын башка маселелери жөнүндө чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуучу негизги аткаруучу орган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18