24.kg
12:57, 01 апреля 2024, 24.kg

Бишкекте бир катар каракчылык фактыларына шектүү жарандар кармалды

Бишкекте бир катар каракчылык фактыларына шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга А.О. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Шектүүлөр жабырлануучунун үйүнө мыйзамсыз кирип, бычак менен коркутуп, эсебиндеги 5 миң сом акчасын жана 55 миң сомдук iPhone 13 телефонун алып кетишкен.

Ушундай эле арыз менен К.Т. кайрылган. «Анын 22 миң сомдук Redmi Note 13 жана 15 миң сомдук Samsung 12 A маркасындагы уюлдук телефондорун ачык эле ээлеп алышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунда 2007-жылы туулган шектүү кармалган. Кийинчерээк такталгандай, ал уюштуруучу жана байкоочу болган. Анда мурда кылмыш жолу менен алынган Redmi Note 13 телефон табылып, алынган. Ошондой эле Бишкек шаарында 2006-жылы жана 2007-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18