24.kg
10:18, 01 апреля 2024, 24.kg

Сурдотаэквондо боюнча дүйнө чемпионаты. Кыз-келиндер курамасы үчүнчү орунду алды

Бишкекте сурдотаэквондо боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Бул тууралуу deafsport.kgz Instagram социалдык тармагында билдирди.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Кореялык спортчулар биринчи, хорватиялык спортчулар экинчи оорунду ээлешти.

Кыргызстандык кыздар жети медалга ээ болушту.

Ал эми эркектер арасында Корея курамасы алтын, Өзбекстан жана Казакстандын командалары күмүш жана коло медаль алышты.

Чемпионатка 200гө жакын спортчу дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн — Кытай, Хорватия, Корея, Мексика, Япония, Гонконг, Казакстан, Өзбекстан, Таиланд, Украина жана башка мамлекеттерден катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18