24.kg
16:01, 29 марта 2024, 24.kg

Сузак районунда 12 адам тамакка ууланды

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар тамакка ууланып, 12 адам облустук ооруканага кайрылган. Алардын ичинен 10 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылган. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, облустун ар кайсы райондорунун тургундары Сузак районунун Саты айылындагы эс алуу жайына ооз ачууга чогулушкан. 

«Тамак буйрутма беришкен, анын ичинде куурулган балык дагы болгон. Эртеси ооруканага кайрылышты. 10ну текшерүүдөн кийин үйүнө жөнөтүлдү. Экөө ооруканага жаткырылып, эки күндөн кийин чыгарылды», — деп билдиришти облустук ооруканадан.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тамактануучу жайдын иши 26-марттан тарта убактылуу токтотулганын, ээсине 23 миң сом айып салынганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18