24.kg
13:28, 29 марта 2024, 24.kg

Катуу шамалдан кийин ооруканага 24 адам кайрылган

Бишкекте жана Чүй облусундагы катуу шамалдан кийин 24 адам ооруканага кайрылган. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, төрт адам ооруканага жаткырылды, алардын абалы орто. Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Жабыркагандардын арасында башынан жаракат алганы, сынык, сыйлыруу менен кайрылгандары дагы бар.

Жабырлануучулардын бири шаардык балдар ооруканасында, бир бейтап Улуттук госпиталда, дагы экөө медициналык тез жардам ооруканасында жатат.

Эске салсак, кечээ катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18