24.kg
12:09, 29 марта 2024, 24.kg

Катуу шамал. 10 адам жабыркап, 154 объект зыян көргөн

Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамалдан 154 объект жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш зыян көргөн.

Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаган анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.

Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатыры учурулган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Эске салсак, кечээ Бишкек жана Чуй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18