24.kg
15:48, 28 марта 2024, 24.kg

Жалал-Абад шаарынын тургуну күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип жатат

Жалал-Абад шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-март күнү милицияга аял күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, ал алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден материалдык далил катары бычакты алып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Териштирүү учурунда жубайлар 2012-жылдан бери чогуу жашаганы, окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичишкени аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1972-жылы төрөлгөн тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18