24.kg
16:40, 27 марта 2024, 24.kg

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун баласы кармалды

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун баласы уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) кылмыштуу кирешелерин адалдоо фактысы менен Салимовдун уулу жана «Мадина» базарынын коопсуздук кызматынын башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар Камчыбек Асанбектин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

«Мадина» базарынын коопсуздук кызматынын жетекчиси 2020-жылы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, Камчыбек Асанбектин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18