24.kg
15:15, 27 марта 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров «Газпромбанк» өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпромбанктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров 22-мартта «Крокус Сити Холлдо» болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты.

Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты.

Photo 325585



Акылбек Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен «Газпромбанктын» мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Алексей Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18