24.kg
11:37, 27 марта 2024, 24.kg

Садыр Жапаров футбол курамасын жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 26-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстандын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды. Бул жөнүндө өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Оюн 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин Садыр Жапаров футбол курамасынын кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө барып, ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Президент футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өлкөнүн улуттук курама командасы мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишүүсүн каалады. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортчуларга толук колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, 21-мартта Кыргызстандын курама командасы Кытайдын Тайбэй курамасы менен Гаосюн шаарында (Кытай Эл Республикасы) беттешкен. Анда оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын жеңиши менен аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18