24.kg
14:50, 26 марта 2024, 24.kg

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Мекемелер аралык комиссиянын иши аяктады

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын иши өткөн жума күнү аяктады. Маалыматты энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев журналисттерге тастыктады.

Анын айтымында, иштин жыйынтыгы министрлер кабинетинин жыйынында көрсөтүлүп, айрым чечимдер кабыл алынды. Ал кандай чечимдер экенин Таалайбек Байгазиев айткан жок.

«Менин билишимче, бул чечимдер азырынча жарыялана элек», — деди ал.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча так белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Борбор калаадагы мектеп жана бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкекте жылуулук жана ысык суу толугу менен 7-февралда бериле баштаган. 9-февралда республикалык штаб объекттеги авариянын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18