24.kg
14:29, 26 марта 2024, 24.kg

«Мадина» базарынын жанындагы кафе, ашкана жана бастырмалар буздурулду

«Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар буздурулду.Бул тууралуу мэрияынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объектилер жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын доо катынын негизинде ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө менен буздурулган. Иштин жүрүшүндө 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.

Photo 325400



Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.

Мындан тышкары, Абакан көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды. Жер тилке жашылдандыруу үчүн ижарага берилген, бирок багытсыз пайдаланылып, контейнерлерди сактоо үчүн колдонулуп келген. Ал жерде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча башкармалык тарабынан текшерүү актысы түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18