24.kg
11:37, 26 марта 2024, 24.kg

Бишкекте «Үмүт» аталышындагы жаш киночулардын он биринчи форуму өтөт

Кыргызстанда 28-марттан 31-мартка чейин «Үмүт» аталышындагы жаш киночулардын он биринчи форуму өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдирди. 

Иш-чара таланттуу жаштарды колдоо, тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга даңазалоо, жаңы режиссерлорду табуу жана жаш кинорежиссерлордун профессионалдык өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Быйыл форум Кыргыз Республикасынын эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат.

Программанын жүрүшүндө кыска метраждуу фильмдер, эл аралык кинофестивалдарга катышкан жана алдынкы орундарды алган тасмалар көрсөтүлүп, чет өлкөлүк алдыңкы кинорежиссерлордон мастер-класстар жана лекциялар өткөрүлөт.

Ошондой эле эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси ачылып, анда КМШ өлкөлөрүнөн келген продюсерлер жана программалык директорлор өздөрүнүн иш-чаралары жана аларга катышуу шарттары жөнүндө айтып беришет.

Photo 325359

Форумдун ачылыш аземи 29-мартта Ала Тоо кинотеатрында саат 11:00дө болот. Анын акыркы күнүндө Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө режиссер Бекеш Абдылдаевди эскерүү кечеси өтөт.

Форум «Ололо-юрт» залында жыйынтыкталып, анда катышуучуларына дипломдор жана сертификаттар тапшырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18