24.kg
10:49, 26 марта 2024, 24.kg

Мектепке электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Мектепке электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоого тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу 8-апрелден баштап саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18