24.kg
10:28, 26 марта 2024, 24.kg

Бүгүн футболдук беттешке байланыштуу саат 14:00дөн баштап эки көчө жабылат

Бишкекте Кыргызстан менен Кытай Тайбэйинин курама командаларынын ортосунда боло турган футболдук беттешке байланыштуу эки көчө жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин:

  • Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин;
  • Фрунзе көчөсү Манас проспектисинен Панфиловго чейин жабылат.

Бишкектин Патрулдук милициясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, маршрутту алдын ала тандап алууну өтүнөт.

Эскерте кетсек, 26-мартта саат 20.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Кытай Тайбэйинин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасынын алкагында орун алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18