24.kg
16:13, 25 марта 2024, 24.kg

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы камакка алынды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы К.А.К. № 1 тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-мартындагы токтому менен ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. К. А. К. 12-апарелге чейин камакка алынды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы «кытай жаранын 180 миң долларга алдаган» деген шек менен кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18